super.kg logo

Бишкекте "Мыкты семетейчи", "Мыкты боз үй" жана "Саркеч көчмөн" сынактарынын жеңүүчүлөрү сыйланды

 
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана агартуучу, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элинин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Дүйнөлүк эпос фестивалына Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Өзбекстан, Орусия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха-Якутия, Башкортостан, Новосибирск, Абхазия жана башка), Азербайжан өлкөлөрү катышты.
Үч күнгө созулган фестиваль илимий- практикалык симпозиум, тегерек стол жана маданий ар түрдүүлүк парады менен коштолуп, эл аралык маданий алака бекемделди.
Салтанаттуу жабылыш аземге мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, эпос фестивалынын маани-маңызы жана ролу тууралуу кайрылуу жасашты.
Министр өз сөзүндө дүйнөлүк эпос фестивалы чыгармачылыктын кайталангыс, өтө сейрек кездешүүчү түрүн сактоо жана өнүктүрүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын аздектеп өркүндөтүү, эл аралык руханий, маданий шериктештикти кеңейтүү аркылуу улуттун өзүн-өзү таануусун бекемдөө, дүйнөлүк деңгээлде эпикалык мурасты жайылтуу жана актуалдаштыруу үчүн мыкты аянтча болуп калгандыгын белгиледи.
Салтанаттын жүрүшүндө манас айтуучулардын бир катар мууну өсүп келе жаткандыгы белгиленип, мындай багыт жана колдоо менен келечекте "Манас" эпосу менен бирге кенже эпостордун өнүгүп-өсүшүнө шарт түзүлө тургандыгы айтылды.
Иш-чаранын алкагында Улуттук "Манас" театрынын ачылышы тууралуу расмий жарыяланып, театрдын директору Азиз Биймырза уулу тааныштырылды.
Эпос фестивалынын негизги бөлүгү Тоголок Молдо тууралуу атайын даярдалган пролог менен башталып, 20га жакын манасчылардын аткаруусунда "Манас" эпосунан "Каныкейдин Тайторуну чапканынан" үзүндү айтылды.
Ошондой эле концерттик программа чет өлкөдөн келген олонхо, кайчы жана жангар, дастан айтуучулардын катышуусу менен уланып, Кыргыз өнөр адамдары катышкан концерттик программа менен коштолду.
"Мыкты семетейчи", "Мыкты боз үй" жана "Саркеч көчмөн" сынактарынын жеңүүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.09.2021. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстандын маданияты көчмөн турмуштун күчтүү таасири астында калыптанган. Мындан тышкары, азыр молдолор таркатып жаткан Арабтардын каада салты да таасир этип жатканы өкүнүчтуү . Кыргыз маданияты менен жаратылыштын байланышын бардык жерде байкаса болот: дизайндан баштап музыкага чейин.
alimbek94 түзөттү 2021-09-26 12:19:26
26.09.2021. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз маданиятынын эң белгилүү үлгүлөрүнүн бири - «Манас» илими, укмуштуудай көлөмдүү илим. Манас атабыз колдосун.
Араб, еврейлердин Куран, Библиясын жаттай бербей, кыргыздын Манасын жаштарга окутуш керек. Жамандык жакшылык иш чараларда Манастын ак батасынан узунду окуп турууга мезгил келди.
alimbek94 түзөттү 2021-09-26 12:20:37
26.09.2021. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alimbek94,тооба кыл иним.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: