super.kg logo

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов китеп жазды

 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов "Эгемендүүлүк - биздин бактыбыз" аталышындагы жаңы китеп жазды.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Түркмөн лидери китеби жөнүндө Халк Маслахатынын (Элдик Кеңеш) - Түркмөнстан парламентинин жогорку палатасынын жыйынында айткан. Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган жыйынга депутаттардан тышкары өлкөнүн бардык жетекчилиги катышты.

Президент көз карандысыздык эч нерсе менен өлчөнбөгөн улуу түшүнүк экенин баса белгилеген.

"Эбегейсиз мааниге ээ болгон бул сөздө баатыр ата-бабаларынын эркин жана бактылуу жашоого болгон кыялдары жана умтулуулары, биздин даңктуу жашообуз, сүйүктүү мекенибиздин учуру жана улуу келечеги камтылган" деген.

Китепте дүйнөлүк коомчулуктун бардык мүчөлөрүнүн башын бириктирүүгө багытталган бийик максаттарды андан ары ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү ар тараптуу талданган. Бул окурмандарга тынчтык, прогресс жана жалпы адамзат үчүн, жаркын келечек үчүн элдерди бириктирген идеялардын түбөлүктүү баалуулугун ачып берет", - деген Бердымухамедов.

Ал жаңы китеби кызыктуу жана пайдалуу болорун, ошондой эле Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына белек болуп калат деген үмүтүн билдирди.

Түркмөнстандын президенти түркмөн тарыхы, ахалтекин жылкылар, түркмөн килемдери, музыка, тамак жасоо, чай, макал-лакаптар, түркмөн алабай жана башка темалар боюнча бир катар эмгектердин автору. Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан ачылган Гурбангулы Бердымухамедовдун чыгармаларынын электрондук китепканасында 60тан ашык китеп бар, алардын көбү чет тилдерге которулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.09.2021. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ай Азамааат жакшы иш кылыптыр! Эми жаңы ыр жаздыр асыл тукум уйларыңа арнап...
27.09.2021. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кээде ушул диктаторлорду карап отуруп Акаевди жакшы эле окшойт деп коем. Акаев коч башында туруп бизди демократиялык жолго салып, мыйзамдарды ошого ылайыктап чыгартып салган даа...
Туркмен, озбек, тажик, тундук кореялыктардай болуп журбойт элек деп ким кепил боло алат эле
suban78 түзөттү 2021-09-27 05:16:19
27.09.2021. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мобул Бурбангул Дурбангулга окшогон бир доопорос келсе бийликке, журмокпуз озун эле эмес атасын, апасын да кошо мактап кошоматтанып.
suban78 түзөттү 2021-09-27 05:16:50
27.09.2021. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эээ Гурбангулы авамдын кылбаганы жок. Азамат дагы бир нерсе ойлоп табат. Может Марска учат
27.09.2021. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
NURSAPAR,Марска уй салдырып аткандыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: