super.kg logo

Ысык-Көлдө батирлерден буюмдарды уурдап, 700 миң сомго чукул зыян келтирген жаран аныкталды

 

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында батирлерден буюмдарды уурдаганга шектүү кармалды. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, шектүү жабырлануучуларга жалпы 700 миңдей сом зыян келтирген.

Каракол шаарынын тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылган. Анда август айында үйүнө белгисиз адамдар кирип фотоаппарат, дрон, ноутбук, алтын зер жасалгаларын, акча каражатын уурдап, 555 миң сом зыян келтиргенин айткан.

Андан тышкары ушул эле шаардын дагы бир тургуну арыз менен кайрылган. Ал июль айында белгисиз жарандар батирине кирип тиричилик буюмдарын уурдап, 115 миң сом зыян келтиргенин кабарлаган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 220-берене менен катталып, сотко чейинки тергөөгө алынган.

"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Каракол ШИИБинин кызматкерлери тарабынан 1992-жылы туулган Б.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда жогорудагы кылмыш иштерине катыштыгы бар жарандарды аныктоо амалдары жүргүзүлүп, шектүүнүн мындан башка дагы иштерге катыштыгы бар же жогу аныкталууда", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: