super.kg logo

БШК: "Чет ѳлкѳлѳрдѳ жүргөн Кыргыз жарандарына маалымдоо үчүн мобилдик топтор иштей баштады"

 

Чет ѳлкѳлѳрдѳ жүргөн Кыргыз жарандары үчүн маалымдоо үчүн мобилдик топтор иштей баштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

БШКнын мүчөлөрү Санкт-Петербургдагы жана Ленинград облусундагы мекендештердин коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту.

БШК мүчөсү Кайрат Маматов Кыргыз мамлекетиндеги шайлоо тутумун реформалоонун башкы жетишкендиги – бул “Бир шайлоочу – бир добуш” принцибин ишке ашыргандык болуп саналарын белгиледи. Добуш берүү процессинде жетишкен технологиялуулук эркин жана демократиялык шайлоонун маанилүү өңүтү болуп саналат. Ал республикабыздын чегинен тышкары жерлерде иштеген кыргыздарды четте карап турбастан, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жигердүү катышууга үндөдү. Анын үстүнө ушундай жолугушууларда мекендештер айткан каалоолорду эске алуу менен бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүдө.

Мобилдик топтор алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участокторунун даректери жана саны, жарандары консулдук эсепке коюу, биометрикалык каттоодон өткөрүү маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

21-сентябрдан тартып мобилдик топтор Орусияда иштей баштады. Москвада жана Санкт-Петербургда жолугушуулар болуп өттү. 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин Тюмень, Томск, Хабаровск, Казань, Самара, Краснодар шаарларында жолугушуулар мерчемделүүдө.

23-сентябрдан тартып 28-сентябрга чейин Италияда – Рим жана Кальяри шаарларында, 1-октябрдан тартып 10-октябрга чейин Түркияда – Стамбул жана Анталья шаарларында жолугушуулар өтөт.

Жакын арада АКШнын Нью-Йорк жана Чикаго шаарларында дагы ошондой жолугушуулар өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.09.2021. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шайлоо керек болгондо эле активдүү иштеп каласыңар мекендештерибиз менен жөнөкөй учурда ит менен издеп таппайсың го
27.09.2021. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчатка жарым аралына Ушк ачыб бергиле,2 минден ашык Кыргызстандык бар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: