super.kg logo

Beeline компаниясы уюштуруп жаткан утуштагы үч Toyota Camry 75 унаасынын бирөөнү 19 жаштагы жигит жеңип алды

 

Beeline компаниясы уюштуруп жаткан "Буйрукту терип, утушка ээ бол" утушундагы ойнотулуп жаткан үч жапжаңы Toyota Camry 75 унаасынын алгачкы жеңүүчүсүн сыйлоо аземи Бишкек шаарында болуп өттү.

Компаниянын кызматкерлери утуш ээсин жана келген конокторду жылуу тосуп алып, унааны тапшыруу аземи башталды. Утуштун алгачкы жеңүүчүсү унаасын алуу үчүн тапшыруу аземине эжеси менен келди. Унаанын жеңүүчүсүнө ачкычты Beeline компаниясынын коммерциялык директору Александр Атаманов тапшырды. Ал байге ээсине утушка катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, жаңы унаасы менен куттуктап, эң негизгиси жол эрежесин бузбай айдоосун суранды.

"Менимче бул биздин колдонуучулар үчүн өтө жагымдуу белек. Биз кардарларыбызга ар дайым кам көрүүгө аракет кылабыз. Биз Toyota Camry унаасын бардык кардарларыбызга бере албасак дагы, баарына унаа утуп алууга мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Бул утушка катышуу жөнөкөй эле, эң негизгиси Beeline компаниясынын колдонуучусу болушуңуз керек. Калганы Beeline компаниясынын катардагы кардарлары жасагандарын эле аткарасыз.

Бул биздин викторинанын биринчи этабынын жыйынтыкталышы. Бизде ушул жылдын аягына чейин жок дегенде эки этап бар. Башкача айтканда, жылдын аягына чейин биздин кардарлар дагы эки унаа жана көптөгөн уюлдук телефон утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кардарлардын бизге келип, байгесин алып, кошумча эч нерсе кылбаганы компания үчүн абдан маанилүү. Жөн гана катышып, утуп алыңыз", - деди өз сөзүндө Beeline компаниясынын коммерциялык директору Александр Атаманов.

Ал эми Beeline компаниясы уюштурган "Буйрукту терип, утушка ээ бол" утушунан Toyota Camry 75 унаасын утуп алып, кубанычы койнуна батпай турган байге ээсин кепке тарттык. Унаамды атама берем деген 19 жаштагы Дастан Турсунбаев унааны утуп алганын алгач укканда инфаркт болуп кала жаздаганын айтты.

"Өзүм 19 жаштамын, 2002-жылы Караколдо төрөлгөм. Beeline компаниясы уюштурган бул утушту жарнамадан көрүп калгам. Анан досторум катышып көрбөйсүңбү деп айтып калды. Мен бул калп эле болсо керек деп ишенген эмесмин, катышып көрөйүнчү деп биринчи катышканда эле уюлдук телефон утуп алдым. Анан менде унаа утам деген ишенич пайда болду. Атам буга чейин бул жөн эле калп деп урушчу. Телефон уткандан кийин ал дагы ишенип, өзү кошулуп катыша баштады.

Азыр өзүм Beeline'дан унаа утканыма ишене албай турам, ичимде бир нерсе эле болуп жатам. Унаа утуп алдыңыз деп чалышканда инфаркт болуп кала жаздадым. Туугандарым алгач ишенишкен жок. Утуп алган унаамды атама берем, менде айдоочулук күбөлүк жок. Айдоочулук күбөлүк алгандан кийин өзүм айдайм. Ал эми Beeline компаниясы уюштуруп жаткан бул утуштун калган катышуучуларына ийгилик каалайт элем. Өзүңөргө ишенип, шарттарды толук аткарсаңар гана жеңишке жетет экенсиңер", - деди Toyota Camry 75 унаасынын жеңүүчүсү Дастан Турсунбаев.

Beeline компаниясы уюштуруп жаткан "Буйрукту терип, утушка ээ бол" утушуна катышуу үчүн шилтемени басыңыз.

Beeline'дан Toyota Camry 75 унаасын утуп алуу үчүн алдыда дагы эки этап бар. 2021-жылдын 12-сентябрынан 21-октябрына чейин экинчи этап: баш байге - Toyota Camry 75 унаасы;

2021-жылдын 22-октябрынан 30-ноябрына чейин акыркы үчүнчү этап: баш байге - Toyota Camry 75 унаасы.

Толук маалымат алуу үчүн: +996 (0775) 58-06-11.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(7)
29.09.2021. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жигит бактылуу экен да
29.09.2021. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
XATSAN125,Өзүда ошол камринин акчасын сарптады окшойт. Мен бир акча салып катышып көрсөм, "Сиздин рейтинг 15 миңинчи" деп чыктыда, демек 500 упай топтоп, 300 сом коротуп 15 миңинчи рейтингде болсом, 1-рейтингдегини элестетта Аске канча акча сарптаганын)).
29.09.2021. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KG-312,Анда олуптур
29.09.2021. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мен 100 пайыз ишеним менен айта алам бул машинелердин ээлери давно суйлошулгон бекер акчанарды коротпогула
29.09.2021. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен да катышып көрдүм 100 пайыз кидала орусча айтканда канча коротпо 32-40 орундан которүлбөйсүн
29.09.2021. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир чиновник жетимдин баласы да эл козунчо утту кылды акчасын санап берди Бизде реально нерсе озу жокко)))
Omyke түзөттү 2021-09-29 22:03:52
30.09.2021. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биринчисиде телефон утуптур ,экинчисинде машина ,учунчусундо квартира утат ))) бул жон гана лохотрон да ...баланын кебетесинен корунуп турбайбы ,бир чиновниктин баласы экени ,карапайым же айылдын баласы эмес...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: