super.kg logo

"10 бодо малын алып, дайынсыз жоголгон". Чүйдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

 

Чүй облусунун милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Сокулук РИИБине 30 жаштагы М.А. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, Д.Н. аттуу жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Айтымында, ал ушул жылдын март айында алдоо жолу менен ишенимге кирип, андан жалпы баасы 500 миң сомдук 10 бодо малын алып, дайынсыз жоголгон.

Аталган факты Сокулук РИИБинде Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кийинчерээк Сокулук райондук соту тарабынан шектүүнү камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сыртынан тандап алынып, ал издөөгө жарыяланган. Чүй облусунун криминалдык милиция кызматкерлери жана Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын аймагынан 32 жаштагы Д.Н. кармалып тергөөгө өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: