super.kg logo

"Талибан" кыймылы Ооганстандагы эркектерге сакалын алууга тыюу салды

 

Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылы Ооганстандагы Гильменд провициясындагы эркектерге сакалын кыркууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Андагы маалыматта, Гильменд провициясындагы чач-тарачтарга кардарларынын сакал-мурутун кыркууга жана музыка коюуга катуу тыюу салынды. Бул талапты аткарбагандар аныкталса, аларга шарият мыйзамдарына ылайык катуу жаза колдонулат жана алардын арызданууга акысы жок.

Кабулдагы чач-тарачтар дагы ушундай эле тыюу салууга туш болушкан. Шаардагы эң чоң чач-тарачтын ээси ага мамлекеттик кызматкермин деген бирөө чалып, америкалыктарды туурабагыла, сакал кыркпагыла деп айтканын билдирген.

Мындан тышкары, башка провинциялардын чач-тарач ээлери расмий айтылбаса дагы кардарлар аз келип калганын, кардарлары талиптер тарабынан кысымга алынбоо үчүн чач-тарачка келүүнү токтотушканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
27.09.2021. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаааман эшектер экен го
27.09.2021. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Маймылы чыгып жудошот экенда
27.09.2021. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сакалды эмес, акылды өстүрүш керек. Талибандардын кылыгын көрүп биздеги молдолор кубанып жатса керек.
27.09.2021. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу жердеда бар молдолор чыгат азыр "туура кылыптыр"- деп
27.09.2021. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сакалдары сапсайып өсүп каары жашы билинбей калбайбы. Өзүнөн 5,6 жаш улууларды сен деп, кичинекейлер 30,40тагыларды чон ата деп алышса керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: