super.kg logo

Белгисиз адам Франциянын президентине жумурткага окшош нерсени ыргытты (видео)

 

Белгисиз адам Франциянын президенти Эммануэль Макронго жумурткага окшош нерсени ыргытты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя өлкө башчысы Лиондогу "Eurexpo" көргөзмөсүнө келген учурда болгон. Видеодо көрүнгөндөй, Эммануэль Макрон көргөзмөнүн катышуучулары менен сүйлөшүп жаткан учурда белгисиз адам ага жумурткага окшош нерсени ыргыткан жана коопсуздук кызматкерлери президентти калкалап, элдин арасынан алып кетүүгө аракет кылышкан.

Объектти ыргыткан адам укук коргоо органдары тарабынан кармалган жана ал 28 жаштагы Дамиен Тарель аттуу жаран болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы өлкө башчы Эммануэль Макрон Дром департаментине болгон иш сапары учурунда белгисиз адам тарабынан сокку жеген. Коопсуздук кызматкерлери ал адамды кармашып, сот 4 айга камакка алуу чечимин чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: