super.kg logo
  Саясат  

Жылнаама, 7-ноябрь: Маалымат жана басма сөз күнү

 

*7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнү. 1924-жылы туңгуч кыргыз тилдүү “Эркин-Тоо” гезити (азыркы “Кыргыз туусу”) чыга баштаган. Бул дата жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио жана телеберүүнүн, басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары 1993-жылдын 1-ноябрында кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен бекитилген.

*1904-жылы акын, жазуучу, драматург, котормочу, публицист, журналист, академик, Кыргыз Эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры Аалы Токомбаев туулган (109 жыл мурун). Тактап айтканда, Кемин районундагы Кайыңды айылында жарык дүйнөгө келген. Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын басмасынын тарыхында биринчи болуп чыккан «Эркин-Too» гезитинин биринчи номуруна  А.Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» аттуу ыры басылган.

*1926-жылы Жаштарга арналган туңгуч гезит “Ленинчил жаштын” алгачкы саны чыккан (87 жыл мурун).

*1943-жылы Коомдук-саясий ишмер, КРнын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов жарык дүйнөгө келген. (70 жыл мурун). 7-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө булардан башка бир топ окуялар болуп өткөндүгүн айта кетели. 

Жылнаама толугу менен бул жакта ...

  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: