super.kg logo

АКШнын президенти Жо Байден коронавируска каршы үчүнчү ирет вакцина алды

 

АКШнын президенти Жо Байден 3-ирет коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, АКШнын президенти Жо Байден 27-сентябрь күнү 3-ирет вакцина алды.

Буга чейин ал COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча сүйлөгөн сөзүндө, "мүмкүн болушунча тезирээк" коронавируска каршы кайрадан эмделүүгө убада берип, америкалыктарды да кошо вакцина алууга үндөгөн. Ошону менен катар мамлекет башчы АКШнын 20 миллионго жакын жараны вакцинанын 3-дозасын алууга даяр экендигин белгилеген. Себеби алар мындан 6 ай мурун эмдөөдөн өтүшкөн.

Сентябрда АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы (FDA) 65 жаштан жогору курактагы адамдарга Pfizer вакцинасынын үчүнчү дозасын колдонууга уруксат берген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: