"Талибан" кыймылы Тажикстанга жакын провинциясына миңдеген жан кечтилерди жөнөттү




Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин Ооганстан Ислам Эмираты түзүлгөнүн жарыялаган талибдер акыркы күндөрү Тахар провинциясына миңдеген жан кечтилерди жөнөттү. Мындай маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.
"Талибан" кыймылынын басма сөз катчысы Забихулла Муджахид 25-сентябрда аскердик унаалардын жана формачан адамдардын сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Ошол эле учурда ал Тахар провинциясына 10 миңден ашуун аскер жөнөтүлгөнүн кошумчалаган.
Тахар провинциясы Тажикстандын Хатлон облусу менен чектешет.
Буга чейин "Талибан" кыймылы Тажикстанды ички иштерге кийлигишип жатат деп айыптап, ар бир кийлигишүүгө жооп бар экендигин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:9
2025-06-29

Рейтинг:
1

Озунорчо эле Афганистанда жургон талиберден коркпогулачы!