Өлкөгө 1000 тонна күздүк буудайдын үрөнү келди
Өлкөгө Өзбекстандан 1000 тонна күздүк буудайдын үрөнү келди. Бул тууралуу Айыл чарба суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, учурда алынган бардык үрөн республиканын региондоруна таркатылган жана 2022-жылдын түшүмүнө себүү үчүн колдонулат.
"Күздүк буудай 2021-жылдын 26-мартында Ташкентте кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын тогузунчу отурумунун протоколун аткаруу менен күздүк буудайдын аср жана давр сортторунун үрөндөрүнөн миң тонна алып келинген.
Бул сорттор биздин дыйкандарыбызга, фермерлерибизге жакшы белгилүү, мамлекеттик сорт участокторунда мамлекеттик сыноодон өткөн. Республиканын мамлекеттик реестрине киргизилген жана өлкөнүн бардык региондорунда сугат жерлеринде колдонууга бекитилген", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
talant87
29.09.2021. 00:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгип бутум келет деп кутуп Алда кридити жок адамдарга берилет экен деп укам
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















