super.kg logo

Таласта 28 жаштагы жаран ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаганга шектелүүдө

 

Талас шаарында турак үйүндө курал, ок-дарыларды сактап жүргөн жаран аныкталды. Бул туурасында Талас ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Бул маалымат боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 253-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери менен​ сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Талас шаарынын 1993-жылы туулган К. ​уулу Ж. аттуу тургуну кармалды.

Талас шаардык тергөө судьясынын уруксаты менен шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, мал сарайынан 1 даана ИЖ-18Е үлгүсүндөгү 12 калибрлүү тапанча, 1 даана 16 калибрлүү тапанча, 1 даана кесилип атайын даярдалган кесилген тапанча (обрез), гильза жана​ бычак алынган. Алынган курал-жарактар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза​ дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган жаран тергөөдө сурак берүүдө", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: