super.kg logo

Ошто апасы менен каналга түшүп кеткен 1 жарым жашар наристенин жансыз денеси табылды

 

Ошто Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен 1 жарым жашар наристенин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 28-сентябрда издөө иштери улантылып, 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылды. Анын алкагында наристенин сөөгү саат 10:50дө каналдан чөгүп кеткен жерден 1,5 чакырым төмөн жактан табылды.

Куткаруучулар жансыз денесин туугандарына өткөрүп беришти.

Белгилей кетсек, 26-сентябрда Отуз-Адыр каналына 1997-жылы туулган келин эки кичинекей кызы менен түшүп кеткен.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар аялды жана болжол менен үч жаштагы кызды суудан аман-эсен чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми болжол менен бир жарым жаштагы наристени издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине 13 куткаруучу, 11 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды.

27-сентябрь күнү издөө иштери улантылып, натыйжа болгон эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: