super.kg logo
  Саясат  

Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашева журналисттерди 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Куттуктоонун тексти: "Урматтуу журналисттер!  Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, бардык сот курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан эртеңки Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм. Сиздердин кесип өтө татаал жана жоопкерчиликтүү, ары чыгармачыл жана ардактуу. Учурда мамлекетибизде жүрүп жаткан Сот тутумунун реформасына сиздердин кошкон салымыңыздар эбегейсиз. Коррупцияга каршы күрөшүү– бул мезгилдин талабы, бүтүндөй мамлекеттин жүрөгүн өйүткөн глобалдуу маселени да Сиздердин катышуусуз элестетүү мүмкүн эмес. Укуктук мамлекет катары Кыргызстанда жарандарды мыйзамды сыйлоого тарбиялоодо, мыйзамдуулукту сактоо, анын аткарылышына жетишүүдө жарандардын патриоттук сезимин калыптандырууда,ошондой эле коомдо белгилүү бир пикирди жаратууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң. Ар дайым такталган маалымат менен чындыкты чагылдырышыңыздарга тилектешмин. Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктап жатып, Сиздердин ишиңиздерге зор ийгилик, чың ден соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалайм!”





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: