Футбол: "Ал мага пас бербейт". Килиан Мбаппе командалашы Неймарга нааразы болду
Франциянын "ПСЖ" клубунун чабуулчулары Килиан Мбаппе менен Неймардын ортосундагы мамиле Лионель Мессинин келиши менен кескин начарлап кетти. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Мбаппе Франция чемпиондугунун 8-турдук оюнундагы "Монпелье" клубуна каршы оюнда Неймардын аракетине нааразы болгон. Франциялык чабуулчу оюндун 88-мүнөтүндө алмашууга кеткен. Андан кийин ал командалаштарына Неймардын аракетин айтып нааразы болгон.
"Ал мага пас бербейт", - деген Мбаппе Неймар Юлиан Дракслерге голдук пас чыгарып бергенде.
Эске салсак, 2022-жылдын жайында Мбаппенин "ПСЖ-2 "менен келишими аяктайт. Чабуулчу париждик клуб менен келишимди узартпай, эркин агент катары "Реал Мадрид" клубуна өтөрү айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.