super.kg logo

"Менин унаам көп мырзанын кыялы". Анжелика 130 миң долларлык унаасы менен тааныштырды

 

Ырчы Анжелика Кайратова 130 миң долларга алган жаңы BMW Х7 унаасы менен тааныштырды. 11-унаасын алган ырчы SUPER.KG порталынын "Рулдагы жылдыз" долбоорунун коногу болду.

"Бул унааны Кудай мага буюруптур деп так айта алам. Анткени BMW үлгүсүндөгү унаалардын сүйүүчүсү эмес болчумун. Унаанын мүнөзү мага туура келбейт, эркектер айдаса керек дечүмүн. Бирок минтип BMWны айдагандардын клубуна кошулуп калдым.

Бул жолу унаа алууда ичинде жатканга шарты барын карадым. Мага узак жол жүргөнгө болбойт. Жакында эле түштүк жергесине Хонда Степвагондун салонунда жууркан, төшөк салып алып, жатып барып келдим. Ошондон кийин кайсы унаанын ичинде жатып жол жүрсө болот деп ойлогом. Бир эле ушул BMW Х7 унаасы бар экен", - дейт ал.

Ырчынын айтымында, унаа ушул жылдын июнь-июль айларында заводдон чыккан. Кыргыз өлкөсүнө август айында келген.

"Негизи буга чейинки Лексус унаамды алмаштырып коёюн деген болчумун. Узун жолго жол тандабас керек экен. Лексус 460 унаасына буюртма бергем, бирок заводдо кандайдыр бир маселелер болуп, ал унаа келбей калды. Ошентип жатканда BMW Х7 унаасы келди дешти. 2 күн бою унааны шаар ичинде айдап, укмуш экен деп койгом. Ошондо катуу каалап койгон окшойм. Бул унаа атайын буюртма менен чыгарылыптыр. Кнопка менен от алат, музыканын үнүн чоңойтуп, басаңдатуу, өчүрүү, радиону которуу аралыктан башкарылат. Ошондой эле ыңгайлуулук үчүн бардык шарттары каралган".

Анжелика айым унаасынын артыкчылыгы деп багажын белгилейт. Багаж дагы аралыктан башкарылат жана ичи кенен.

"Мен үчүн бул жөн эле унаа, мага ыңгайлуу болгону үчүн алдым. Айымдарга караганда мырзалар көп куттуктоо айтышты. BMW Х7 мырзалардын кыялы экен. Унааны 3 жылга бөлүп төлөө менен алдым. Айына 1200 доллардын тегерегинде төлөп турам. Буга чейинки 2 унаамды деле насыяга алгам", - деп белгиледи ырчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
28.09.2021. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Молодец Анжелика!
28.09.2021. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азаматсың. Ишиңе ийгилик. Өнүгүп, өркүндөй бер. Жашоодон ырахат алып, күлүп жайнап жүрө бер. Ушакчыларга көңүл бурба.
28.09.2021. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мырзаларга тийишип откон экен ээ. Аллах ден-соолук берсин, ыйман берсин.
28.09.2021. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кайсы унаада жаткан жакты ошондо?
28.09.2021. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Буюрсун жакшылык күндөргө айда,кыздарындын убайын көр!
28.09.2021. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Берметтей тизилген жаңы тиштеринчи канчага жасатыптыр?
28.09.2021. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
БМВ Х7 2021жылкысы 85 мин доллар турат ко,мунуку эмнеге 130 мин доллар болуп кетет
28.09.2021. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Rusbayastan, в кредит ))))) 3 жылдын проценти ошондой болсо керек
28.09.2021. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Rusbayastan,Таластыктардын айткандарын баарын 2ге болуп элестетип ук дешет го,ошоо.....
28.09.2021. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй убакыт десе Анжелика убагында коп эркектин кыял болчу азыр убакыт отуп кемпир болуп калыптыр Кемпирда убагында сендей кыз болгон деген соз чын экенда э алган тулпарын кут болсун
28.09.2021. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мактанбачы!!! Унааң менен дагы аңтарылып кетпе!!! БУЛ унаа көбүнө жакпайт. Мырзалардын душманы бул))
28.09.2021. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
10-15 жыл омурун кредит толоп отот экен да... Ачыгы ага чейин жапсан керек, бирок машинен бир ДТП болсо жарым баасына тушуп калат, ремонт кылдырганында да.

Эми озун мактаарга тема калбаганда машине алмаштырат, уй алмаштырат, акыры жигиттерин алмаштырат. Ооруйт бул кыз.....
28.09.2021. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Antiradikal3,ушу сен тек эле жакшы созун жок ээ
29.09.2021. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Antiradikal3, Анжелика өзү төлөмөк беле сен да кызык экенсиң))
29.09.2021. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатып жатат
29.09.2021. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай Анжелика, Анжелика бул кыз пиарга, хайпга иштегенди мыкты билет,кнопка машинасын мактаныптыр бул жолу:)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: