Ооганстан: Аялдар мындан ары жогорку окуу жайларда билим ала албайт
Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылы аялдарга өлкөдө "чыныгы ислам тартиби" түзүлмөйүнчө жогорку окуу жайларда иштөөгө жана билим алууга тыюу салды. Бул тууралуу "Талибан" кыймылы тарабынан дайындалган Кабул университетинин жаңы ректору Мухаммед Ашраф Гайраттын маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мен Кабул университетинин ректору катары бул нерсени айтып коюшум керек. Өлкөдө ар бир адам үчүн чыныгы ислам чөйрөсү түзүлмөйүнчө, аялдарга жогорку окуу жайларга кирүүгө жана иштөөгө тыюу салынат. Биринчи кезекте - Ислам!", - деп билдирген ал.
Эске салсак, буга чейин кыздар жүзүн кошо жапкан баш кийим кийип, эркек балдар менен бир бөлмөгө отурбай өзүнчө окуй турганы айтылган.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






1 |