super.kg logo

Парламенттик шайлоого карата биринчи жолу Венгрияда шайлоо участогу түзүлөт

 

Парламенттик шайлоого карата биринчи жолу Венгрияда шайлоо участогу түзүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

БШК Кыргыз жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо максатында Будапешт шаарында (Венгрия) №9058 шайлоо участогун түзүү чечимин кабыл алды.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигинин түзүлүшүнө байланыштуу Тышкы иштер министрлигинин сунушунун негизинде кабыл алынды.

Ошентип алдыда боло турган Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын жалпы саны 29 өлкөдө 58ге жетти.

Ошондой эле быйыл биринчи жолу төмөнкү шаарларда 9 шайлоо участогу ачылмакчы:

  • Орусия – Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарлары;
  • АКШ – Нью-Йорк жана Чикаго шаарлары;
  • Түркия – Анталья шаары;
  • Италия – Кальяри шаары.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: