Валентина Шевченко Голливуд актрисасынын бир нече сөөгүн сындырган "Көк ала" тасмасы тууралуу айтты





UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзү тартылган "Bruised" (Көк ала) тасмасы тууралуу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
"Лос-Анжелесте сонун күн өткөрдүм. "Көк ала" тасмасынын премьерасы үчүн бир нече интервью бердим", - деп жазды Шевченко.
Бул тасмада Шевченко "Оскар" сыйлыгынын ээси Холли Берри менен роль жаратат. Тасмада Берри MMA мушкеринин ролун ойнойт. Кинодо Шевченко анын башкы атаандашы. Бул тасма 24-ноябрда жарыкка чыгат.
Холли Берри буга чейин тасманы тартуу учурунда Валентина Шевченко анын бир нече сөөгүн сындырганын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.