super.kg logo

Ошто 22 жаштагы кыз киши өлтүрүүгө шектелип кармалды. Ал маркум менен кафеде чогуу отурган

 

Ошто 22 жаштагы кыз киши өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тарабынан маалым болду.

Мекемеден билдиришкендей, окуя 28-сентябрга караган түнү болгон. Анда саат 02:55те Ош ШИИБине Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан кабар келип түшкөн.

"Кенч" кафесинин алдындагы аянтта кебетеси азиялык болгон 35-40 жаш чамасындагы Мирбек аттуу киши сол бутунан жаракат алып, ооруканага кайрылган. Ыкчам тергөө тобу ооруканага барган кезде жабырлануучу каза болуп калгандыгы аныкталган. Ал эми окуя болгон кафенин алдындагы аянтта кандын тактары бар экендиги аныкталган. Маркумдун ак түстүү футболкасы, көк түстүү жынсы жана ак түстөгү крассовкиси далил катары алынды.

Каза болгон жарандын жансыз денесине соттук-медициналык эксперттин катышуусундагы сырттан кароо жүргүзүлүп, сол санында кесилген жаракаты аныкталып, анын каза болуусунун себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды".

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, каза болгон жарандын жанында жүргөн досу жана окуяга күбө болгон жарандар суракка алынды. Белгилүү болгондой, 28-сентябрь күнү саат 02:50дө маркум кафеде С.Р. жана Р.А. аттуу кыздар менен отуруп, өз ара сөз талашып уруша кетишип, кафеден сыртка чыгышкан. С.Р. мас абалда Ш.М.нын бутуна колундагы бүктөмө бычагы менен бир жолу сайып жибергени аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган С.Р. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти мекемеден.

Учурда бул факты боюнча окуянын жагдайларын толук, объективдүү жана ар тараптуу изилдөөгө жана далилдөөгө багытталган тергөө аракеттери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.09.2021. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айланасынбы озундон 18 жаш чон киши менен арак ичип
29.09.2021. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соз жок просто соз жок
29.09.2021. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жап жаш кыз тагдырын талкаланды го(((
29.09.2021. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
түнү кафеде эркек менен арак ичип балее барбы. Ошон үчүн саяк жүрсөң, таяк жейсиң деген бекеринен айтылып келбейт.Өмүр боюу таяктан да күчтүү намыс менен өтөсүң го ..
29.09.2021. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Санына эле бычак тийсе олмок эмес балки башка нерседен олгондур.кыздарга келсек соз жок жаш туруп тунку клубтта атасындай киши менен ичкен уят.ата энеси каякта журот кыздарын карабай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: