super.kg logo

Ырчы Мирбек Иманбеков чет өлкөгө дарыланууга учуп кетти

 

Ырчы Мирбек Иманбеков ден соолугуна байланыштуу Түркия мамлекетине учуп кетти. Бул туурасында ырчынын сахналаш достору тарабынан маалым болду.

Алар белгилегендей, Мирбек Иманбеков бүгүн, 29-сентябрда учакка отурду.

"Буюрса, сиздердин бата, тилектериңиздер менен абалы калыбына келип, арабызга дени сак кошулат деп үмүт кылабыз. Ушундай кырдаалда колдоо көрсөтүп, кайдыгер карабаган чыгармачылыктагы агай, эжелерибизге, досторубузга жана жалпы өнөр жолундагы кесиптештерибизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз", - дешет достору.

Ал эми ырчы менен байланышканыбызда Стамбул шаарына конгону белгилүү болду. "Жаңы эле келдим, жатаканага жайгаштым. Эртеңден баштап медициналык текшерүү башталат", - деди ал.

Буга чейин Мирбек Иманбеков катуу ооруп жатканы ырчынын жубайы Бурул айым тарабынан белгилүү болгон. Анда ал жолдошу үчүн дуба кылып коюуну суранган. Кийинчерээк ырчынын өзү менен байланышканыбызда ашказаны ооруп, ооруканага кайрылганы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: