super.kg logo

УКМК: "Талас облусундагы бийлик бутактарындагы коррупциялык схема аныкталды"

 

Талас облусундагы бийлик бутактарындагы коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Талас облусундагы бийлик бутактарынын коррупциялык схема аныкталды. Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн айрым кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыктары үчүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараттарда жайгашкан кеңсе жайларды коммерциялык жана коомдук уюмдарга ижарага берүүдөн алынган каражаттарды мыйзамсыз өздөрүнө ыйгарып алгандыгы аныкталды.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн арналган ведомстволук үйдө коммуналдык кызматтарга жана аталган үйдү коргоого мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз акча төлөнүп турган. Жогорудагы материалдардын негизинде аныкталган зыяндын жалпы суммасы 15 миллион сомду түзгөн. Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: