super.kg logo

"Жаз мезгилинен бери көрүстөндөрдөн металл уурдап жүргөн". Шектүү 21 жашта экени белгилүү болду

 

Ош шаарынын түштүк тарабында жайгашкан мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдап, кара металл алган пункттарга өткөрүп жүргөн жаран кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү 21 жашта.

"Ош шаарынын тургуну Т. уулу Н. шериги менен биргеликте ушул жылдын жаз айларынан тартып бир нече ирет мүрзөлөрдөн темир тосмолорду уурдап, такси менен кара металл алуучу пункттарга өткөрүп турган. Алган акчаларын өз кызыкчылыктарына пайдаланышкан. Учурда бул фактылар боюнча ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн кылмыштуу шериктерин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат. Темир кабыл алуучу пункттардын дагы жоопкерчилиги тергөө кызматы тарабынан каралууда", - дешти маалымат кызматынан.

Буга чейин Дария Лыгузова аттуу жаран шаардагы көрүстөндөрдө уурулук фактысы катталганын айтып, укук коргоочуларга арыз менен кайрылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.09.2021. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тобо кылдым эй журогу тоо го ээ мурзодон Бир нерсе уурдамак тугул жанынан Аран отосун го калчылдап
30.09.2021. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Jibani,илгеркилер бекеринен олуктон эмес тириктен корк дешкен эмес да.
01.10.2021. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам тамак болбой,эмгек кылбайбы иштеп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: