super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандыктарды Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү менен Асылбек Жээнбеков куттуктады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү менен куттуктады. Куттуктоодо:

“Урматтуу кыргызстандыктар! Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан сиздерди Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү менен куттуктайм! Бул белгилүү окуянын болгонунан бери дээрлик жүз жыл өттү. Ошентсе да дүйнө тарыхындагы олуттуу окуялардын бири катары бул дата бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жоготкон жок.

 

Аял менен эркектин укуктарынын теңдиги, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктар, ошондой эле ар улуттун өз алдынчалыкка ээ болуу укугу биздин өлкөнүн – Кыргыз Республикасынын да түзүлүшүнө пайдубал болуп берди. Биз бул майрамды өткөн муундун жетишкендиктерине жана тарыхый салттарга сый-урмат көрсөтүү катары эстешибиз керек.

 

Азыркы эгемен Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабын баштан кечирүүдө. Биз күчтүү, адилеттүү жана көз карандысыз мамлекетти курабыз. Сиздерге эртеңки күнгө болгон бекем ишеним, тынчтык жана бакубат турмуш каалайм”,- деп айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: