Жантөрө Сатыбалдиев: “Эгер бюджеттик мекемелер карызын төлөбөсө, аларга газ берүү токтотулат”
Эгер бюджеттик мекемелер жаратылыш газы үчүн болгон карызын төлөп кутулбаса, аларга газ берүү тууралуу буйрук берилет. Муну 6-ноябрдагы өкмөт жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтты. “Негизги карыздар мекемелер “Бишкек жылуулук энергия” жана “Кыргыз турак-жай коммуналдык чарба биримдиги” ишканалары. Депутаттар “Кыргызгаздын” сатылышына каршы. Эл менен иштешкиле, төлөмдөрдү чогултуп карыздан кутулгула”,- деди премьер-министр. Сатыбалдиев өкмөттүн кышка даярдыгы канааттандырарлык экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

