super.kg logo

Бири-бирине кол көтөргөн киши менен рулдагы аялдын окуясы 2 күн мурда болгон. Териштирүү иштери башталды

 

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде унаа башкарып бара жаткан аял менен эркек киши бири-бирине кол көтөргөн видео тараган. Окуя 28-сентябрда Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде орун алганы Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматы тарабынан маалым болду.

Мекеменин маалыматына караганда, шаар тургуну Д.О. укук коргоочуларга арыз менен кайрылган. Анда жогоруда аталган көчөлөрдүн кесилишинде белгисиз жаран менен айтыша кетип, эркек киши киши аны чапканы айтылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене (майда бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

"Арыз ээсинин алган жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды, корутундусуна ылайык юридикалык баа берилет.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кол көтөргөнгө шектүү жаран 1964-жылы туулган Э.Н. экени аныкталды. Учурда шектүү тергөө кызматына жеткирилди, териштирүү иштери улантылууда", - дешти мекемеден.

Буга чейин социалдык тармакка рулда отурган аял менен белгисиз жарандын урушуп жаткан видеосу тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: