Крымдын түндүгүндө миңдеген канаттуулардын өлүгү табылды (сүрөт, видео)







Крымдагы Сиваш көлүнүн жээгинде канаттуулардын массалык өлүмү катталды. Бул тууралуу аталган аймактын Ветеринария башкармалыгынын башчысы Валерий Ивановдун билдирүүсүнө таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, канаттуулардын массалык түрдө өлүмү бүгүн орнитологдор тарабынан катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, эксперттер болжол менен 7000 карамоюндуу поганка, 300 өрдөк жана 250-300 деңиз көгүчкөндөрүнүн өлүгүн табышкан.
"Канаттуулардын өлүмүнүн так себеби азырынча аныктала элек. Кыязы, мындай массалык өлүм вирустук оорудан же уулануудан улам болду окшойт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин дагы Орусиянын Новосибирск облусунун Уесть-Тарка айылында 200гө жакын карганын өлүгү табылган.
Крым
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
XATSAN125

30.09.2021. 19:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
К19 жугуптур деп чыгышат эми
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.