Ош облустар аралык ооруканасынын медиктери Өзгөн районунун жашоочуларын медициналык кароодон өткөрөт
Ош облустар аралык ооруканасынын медициналык бригадасы 12-ноябрдан тартып 1 апта аралыгында Өзгөн районунун жашоочуларын медициналык текшерүүдөн өткөрөт. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчилиги кечээ, 6-ноябрда билдирди. Медициналык бригада элди текшерүүдөн өткөрүп, муктаж болгондорго облустук жана райондук эмканаларга толук текшерилүү үчүн жолдомо беришет. Пациенттерди ультра-добуштуу изилдөөдөн (УЗИ) жана ЭКГдан (электрокардиограмма-жүрөктү текшерүү ыкмасы) өткөрүшөт. Акушер-гинекологдор аялдарды гинекологиялык текшерүүдөн өткөрүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















