super.kg logo

"Атанын керээзи", "Дарак ыры", "Жөө күлүк", "Курманжан Датка" жана башка. Өзбекстанда кыргыз тасмалары көрсөтүлүүдө

 

Өзбекстандын Ташкент шаарында Мукими атындагы өзбек мамлекеттик музыкалык театрында Кыргыз киносунун күндөрү өтүп жатат. Иш-чарага Кыргыз өлкөсүнүн аталган мамлекеттеги элчиси Ибрагим Жунусов, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Айтурган Темирова, Назира Мамбетова, Керим Турапов, режиссёрлор Артык Сүйүндүков, Айбек Дайырбеков, Бакыт Мукул жана башкалар катышты. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Элчи Ибрагим Жунусов кыргыз-өзбек мамилелеринин, анын ичинде маданий-гуманитардык чөйрөсүндө динамикалуу өнүгүшүн, ошондой эле кино жаатында эки тараптуу кызматташтыктын активдешкенин белгиледи. Өзбекстанда Кыргыз киносунун күндөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Белгилей кетсек, Кыргыз киносунун күндөрүнүн алкагында төмөнкү тасмалар көрсөтүлөт: "Шамбала", "Көл", "Эдемге карай жол", "Атанын керээзи", "Дарак ыры", "Жөө күлүк", "Курманжан Датка".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: