Эне-баланы коляскасы менен кичи автобуска салбай койгон окуя. Айдоочуга иш козголду
Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарында №203 маршруттук таксинин айдоочусу эне-баланы коляскасы менен кичи автобуска салбай, күч колдонуп чыгарып салган. Аталган айдоочу иштен алынган. Ленин РИИБи аталган окуядагы айдоочуга "майда бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымат катчы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатканын кошумчалады.
Айдоочусу 1984-жылы туулган М.Б. экендиги аныкталып, ал төмөндөгү түшүндүрмөнү берген: "Бир жыл мурун да ушундай окуя болуп, анын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги адамдар жабыркап, алардын чыгымын төлөгөм, ошол себептүү колясканы салонго салган эмесмин. Бул үчүн жалпы коомчулуктан кечирим сурайм", - деп билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
1

Мен ушул эле жылы март айында маршруткада шофердун артындагы (алдынкы) местада 3 жашар кызымды алып отургам, кийин токтогула/логвиненкадан бир эже коляска мн чыгып калды, колунда 2 жашар баласы бар экен, анан тиги эженин коляскасына менин курткам илинип калд ы, кайра колясканы тартты эле куркамын женин илинип жыртылып калды. Тиги эже кечирим сурап да койбоду. Лично менин ойум салбаш керек колясканы салонго