Жарандык активист Тилекмат Куренов СИЗО-1ден №27 түзөтүү абагына которулду
Жарандык активист Тилекмат Куренов СИЗО-1ден №27 түзөтүү абагына которулду. Бул тууралуу "Туран" партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу билдирди.
Сот активистти 1 жыл 6 айга камакка алуу түрүндө чечим чыгарган.
Эске салсак, Тилекмат Куренов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу "бийликти күч менен басып алууга чакырган” деген айып менен кармалган. Ага карата Жазык кодексинин 310-беренеси "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана 264-беренеси "массалык баш аламандык" боюнча иш козголгон.
26-апрелде ал үй камагына чыгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















