"Үстүмдө 18 килограмм көйнөк, буттарым чарчап турат". "Кыргызстан сулуусу-2021" сынагын Алтынай Ботоярова жеңип алды






30-сентябрда Бишкекте "Кыргызстан сулуусу-2021" сынагы өттү. 31 бийкеч сулуулук боюнча жарышка түшкөн бул таймашты Алтынай Ботоярова аттуу кыз жеңип алды.
Жыл сайын мындай сынакты уюштуруп келе жаткан Рыскүл Намазбекованын айтымында, өлкөнүн сулуусу наамын алуу каалоосу менен бул сынакка 300-400дөй кыз келген. Анын ичинен уюштуруучулар 150дөй кызды тандап алышкан. Ажарлуулар түрдүү аракеттерди көрсөтүп жатып жарым финалда 70 кыз калган, ал эми финалга 31 кыз чыкты.
"Жеңүүчүгө 400 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык ыйгарылат. Мындан тышкары Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу алтын, күмүштөн таажы алынат. Анын баасы 5 миң долларга чукул. Бул таажы ошол жеңүүчүнүн үйүндө калбайт, тагыраагы кийинки жылдын жеңүүчүсүнө өткөрүп берилет", - деди Намазбекова.
Сынактын жеңүүчүсү Ботоярова: "Мен өз максатыма жеттим, 5 жаштан бери бул тармакта жүрүп, жалпы 20дай сынакка катыштым. Көрө албастыктар болгон жок. Өткөн жылы "Мисс Бишкек-2020" сынагын жеңгем, быйыл бул сынакты утуп алдым. Азыр үстүмдө турган көйнөгүмдүн салмагы 18 килограмм, буттарып чарчап турат. Мен бул сынакты жеңүү үчүн зор эмгек кылдым, негизи мындай жеңишке ар бир кыз татыктуу".
Ботоярованы колдоп сынакка таенеси да келген, ал кыздардын баары ажарлуу экенин белгиледи. 2-орунду Акмарал Турдуева жеңди.
кошулду
"Буга чейин 20дан ашык сулуулар сынагына катышкам" дейт "Мисс Кыргызстан-2021" сынагынын жеңүүчүсү

Эркектер да билмдуу, кичи пейил, сабырдуу, акылдуу болушса экен.
Сулуулук жөнүндө бизде көп айтылыш керек. Сулуу кыздарга дайыма чын суйуу сезим менен карайсын.