super.kg logo

Кара-Суу районунда жергиликтүү башкаруу органынын өкүлдөрү коррупцияга шектелип кармалды

 

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл округунун башчысы Н.Х., анын шериги М.С., ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Б.Б. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кармалгандар жеке кызыкчылык максаттарын көздөп, Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну узак убакыт бою жүргүзүп келишкендиги аныкталган.

30-сентябрда бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
01.10.2021. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нече кызматкер сапсим кулкуну келтирет да .Быягы бир нече мал кой эгин талаасын тебеледи дегендей эле болуптурда.
Эшматов ташмат паланча жерде паланча болуп иштеген планчанчы жылкы козёл тамагын тыя албай кызматтык абалынан сапсим кыянаттык менен пайдаланып 1 кг куруч пара алып жаткан жеринен кармадык десенер болбойбу.Бир нече канчооо экенин билбейм А Ү Ө ымкы деп тутобой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: