Ким Сок Жин, Ли Мин Хону артта калтырып. Ырчы Димаш Кудайберген "Азиянын эң сулуу мырзасы" деп табылды



Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген "King Choice" сайтындагы онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен "Азиядагы эң сулуу мырза" деп табылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Аталган сайттын маалыматына ылайык, ырчы 9 миллион 304 миң 871 добуш топтоого жетишкен. Ал эми 8 миллион 197 миң 925 добуш менен 2-орунду Түштүк Кореядагы "BTS" тобунун ырчысы Ким Сок Жин (Kim Seokjin) ээлеген.
Ал эми 3-орунга түштүк кореялык ырчы, актёр жана модель Чха Ын У (Cha Eunwoo) жайгашты. Анын эсебинде 1 миллион 918 миң 514 добуш бар.
Кийинки орунга таиланддык актёр Уин Метавин (1 миллион 669 миң 561 добуш) жайгашса, ал эми 5-орунду 1 миллион 460 миң 407 добуш менен ошол эле өлкөнүн актёру Брайт Вачиравит Чиваари (Vachirawit Chivaaree) ээледи.
Түштүк Кореянын белгилүү актёру Ли Мин Хо бул сынакта 950 миң 445 добуш менен 6-орунга жайгашкан.













1 |