super.kg logo

АКШ Ооганстандагы согушта жеңилгенин моюнга алды

 

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен башкы штабынын төрагасы Марк Милли АКШ Ооганстандагы согушта жеңилгенин моюнга алгандыгын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Марк Милли Ооганстандагы согуш АКШ үчүн стратегиялык ийгиликсиз болгондугун жана бир катар начар стратегиялык чечимдер бул жыйынтыкка алып келгенин билдирген.

"Баарыбызга белгилүү болгондой, Ооганстандагы согуш биз каалагандай аяктаган жок. Кабулда талибдер бийликте", - дейт Марк Милли.

Ошондой эле ал АКШ согуштан акыркы 20 ай же 20 күндө эмес, алда канча эрте жеңилгендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 15-август күнү "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып алып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Кийинчерээк согушкерлер убактылуу өкмөттүн курамын түзгөнүн жарыялашып, анда премьер-министрлик кызматты кыймылдын башчысы Мохаммад Хасан Ахунд алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: