super.kg logo
  Спорт  

"Барселонанын" тайпадагы абалы оор. Эки оюнда 0:6 эсеби менен жеңилген каталондук клуб эми эмне кылышы керек? 20 жылдык тарых кайталанабы?

 

Испаниянын атактуу "Барселона" футболдук клубунун учурдагы абалы оор. Клуб Чемпиондор Лигасын эң жаман көрсөткүч менен баштады. Тагыраагы тайпадагы алгачкы оюнда "Бавария" клубуна 0:3 эсебинде жеңилсе, экинчи турдук оюнда Португалиянын "Бенфика" клубуна ушундай эле эсеп айырмачылыгында жеңилди.

Муну менен "Барселона" тайпада 0 упайы менен акыркы орунда. Бул тайпада "Бавария" 6 упайы менен биринчи орунда. Экинчиде 4 упай чогултакан "Бенфика" турса, үчүнчүдө 1 упайы бар киевдик "Динамо". "Барселона" учурда Чемпиондор Лигасында "Мальмё" клубунан кийинки эң начар команда. "Мальмё" клубунун көрсөткүчү эки оюнда 0:7.

"Барселона" дээрлик 50 жылдан бери Европа мелдештеринде мындай коркунучтуу башталышты башынан өткөргөн эмес. Каталондуктар Европада 1966/67 жана 1972/73 жылдагы сезондорду эки жеңилүү менен башташкан. Бирок бул Чемпиондор Лигасы эмес, УЕФАнын Кубогу болчу.

Акыркы жолу "Барселона" клубу 2000/2001-жылдагы сезондо Чемпиондор Лигасынын тайпасынан чыга алган эмес. Ошол убакта алар "Бешикташ", "Лидс" жана "Милан" клубу менен бир тайпада болчу.

"Барселона" тайпадан чыгуу үчүн эмне кылышы керек?

Учурдагы календарь абалды оңдоо үчүн абдан ылайыктуу: үчүнчү турдук оюнда "Барселона" киевдик "Динамону" өз үйүндө кабыл алса, тайпадагы башкы атаандаштар "Бенфика" жана "Бавария" бири-бири менен кез келет. Демек, бул оюнда эки команданын бири упай жоготот. Дагы бир ыңгайлуу сценарий 5-турдук оюн. Бул оюнда "Барселона" өз үйүндө "Бенфиканы" утушу керек. "Камп Ноудагы" жеңиш "Барселонаны" плей-оффко чыгара алат.

Дагы бир баса белгилей кетүүчү жагдай, тайпалык баскычтагы 2 оюнда, тагыраагы 180 мүнөт бою "Барселона" бир дагы жолу каршылаштарынын дарбазасына таамай сокку узата алган жок. Бул клубдун тарыхындагы өтө начар көрсөткүч.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.10.2021. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кирип кетсин кире турган жерине. Барсанын президенти да тренери да жарабайт экен.
02.10.2021. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мага баары бир эмеспи.Кыргыз футболу өнүксө болду мага.Кыргыз футболуна гана фанатмын.Ал эми Барса менен Реалдын фанаттары сойкулардан айырмасы жок.Эртен башка команда женип баратса,аларга фанат боло беришет.
02.10.2021. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mister-XXX,ар кимди озундой ойлобочу!
03.10.2021. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ela93,Эмне жалганбы?Ушул эле суперде Реал менен Барсанын фанаттары урушуп,сөгүшүп кетесинер го...Эми жаңы командалар чыгат.Ошол эле фанаттар эми башка командаларга фанат болот.Кыргыз курама командасына анчалык фанат болбойсунар.Москвада деле көрүп жүрөм.Бир куну ЦСКАга,бир куну Спартакка,бир куну Локомотивге алмашып кетет.Футболдун фанаттары сойкулардай эле туруксуз болушат
Mister-XXX түзөттү 2021-10-03 02:47:57
03.10.2021. 07:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mister-XXX,Доорубочу манка!Сенин айланандагы кок мээлер ставка коюш учун ар кимге болеть эте берсе керек да.Ставка койбой эле бир командага болеть эткендер толтура.А сен оюну кенейтип жазсан кичине,жон эле урдура бербей!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: