super.kg logo

Орусияда чиркөөнүн жанынан кыз менен жосунсуз сүрөткө түшкөн тажик блогери кармалды

 

Орусия полициясы Москвадагы Василий Блаженский чиркөөсүнүн астынан сүйлөшкөн кызы менен адепке ылайык келбеген сүрөттөргө түшкөн тажикстандык Руслан Бобиев аттуу блогерди кармады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык Руслан Бобиев Василий Блаженский чиркөөсүнүн астынан тартылган сүйлөшкөн кызы экөөнүн жосунсуз сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчаларына жүктөгөн. Ошондой эле сүрөттөрдүн астына: "Эмгек кодекси бул Кылмыш-жаза кодекси эмес. Аны бузса боло берет" деп жазып калтырган ал.

Бул сүрөттөр бир катар интернет колдонуучулардын нааразычылыгын жараткан. Алардын көбү ыйык жайдын астында интимдик сүрөткө түшкөн деп айыптап, блогерди Орусиядан чыгарууну талап кылышкан.

Ал эми Руслан Бобиев полиция тарабынан кармалып, жасаган жоругу үчүн кечирим сураганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
02.10.2021. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер бир орус же башка мусулман эмес адам мечиттин жанында ушинтип сүрөткө түшүп койсо көрдүк эле...
02.10.2021. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошто дагы сулайман тоосунда жана айланасында именно оронгон кыздар эркектер менен ар кычыкта башкача мамиледе көз көрүнө турушат, особенно өзбөктөр. Ал жерде канча адамдын сөөгү жатат, канча адам сыйынганы чыгат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: