super.kg logo

Жалал-Абадда эркек кишинин өлүмүнө шектелип 17 жана 19 жаштагы эки шектүү кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Ноокен райондук ооруканасынын "Тез жардам" бөлүмүнүн дарыгери 102 номерине чалган. Анда Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы жол четиндеги эгин талаадан Ноокен районунун 1973-жылы туулган Ж.М. аттуу тургундун жансыз денеси жаткандыгын билдирген.

"Бул факты ошол эле күнү Ноокен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейнки өндүрүш иши башталган.

Жалал-Абад ОИИБинин жана Ноокен РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун 2002-жылы туулган жана 2003-жылы туулган (18ге чыга элек) эки тургуну кармалган. Шектүүлөр тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя кандай болгонун жеринде көрсөтүп беришкен.

Окуяга шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, А.Ж. аттуу шектүү 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми К.А. өспүрүм болгондуктан Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан ата-энесинин колуна өткөрүп берилген. Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
01.10.2021. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек кишинин олумуно 18-19 жаштагы шектуу. Бироонун отугу жок экинчисинин башы жок го жанылыгынардын..
01.10.2021. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчиден 18 жаштагы жигит кандай оспурум болот? 17-18ге чыккандан кийин жигит болгону ошол, оспурум куракты басып отуп. Экинчиден оор кылмыш кылгандар жашы жете элек болсо атайы балдар колониясына которулуп, жашы жеткенде катардагы абакка которулчу. Сот иши аяктаганча ата-энеси менен чогуу турганы менен, соттун окуму чыкса камалышы керек.....
01.10.2021. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
18жаш кандай өспүрүм болот.Мыйзамды дагы ашмалтайын чыгарып жибериштиго.
Адам өлтүргөн үйүнө чыгарылса,миллион урдагандар деле чыгарылса.Анда камакта бийликке каяша сүйлөгөн эле олтурат экен да.
01.10.2021. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каяша деп чындыкты айтып жатам,чындыкты айткандар каяша сүйлөгөн чыккынчы болуп камалып жатышпайбы?
01.10.2021. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
17 жаштагы бала эшекти туудурат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: