Орусиянын Самара шаарында кыргыз маданиятынын күндөрү өтүп жатат
2013-жылдын 6-7-ноябрында Орусиянын Самара шаарында кыргыз маданиятынын күндөрү өтүп жаткандыгын аталган шаардагы “Манас-Ата” коомунун башчысы Акылбек Кудуев билдирет. Иш-чара Самарадагы кыргыздардын укугун коргоп, материалдык жана гуманитардык жардам көрсөтүп, таламын талашып келе жаткан “Манас-Ата” коомунун түзүлгөнүнүн 10 жылдыгына карата өткөрүлүүдө. Кыргыз маданияты күндөрү Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин, Орусиядагы кыргыз диаспораларынын жана жергиликтүү коомдордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.
Бүгүн, 7-ноябрда маданий иш-чаралар өтөт, анын ичинде концерттик программа да бар. “Караш-Караш ашуусунда атылган ок”, “Жамиля” жана “Мен кыргызмын” тасмалары да көрсөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

