Грузиянын президенти абакта ачкачылык жарыялаган экс-президент Саакашвилиге ырайым берүүдөн баш тартты
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили абакта ачкачылык жарыялаган өлкөнүн экс-президенти Михаил Саакашвилиге ырайым берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Грузия чарчады, азыр тынчтык менен адилеттүүлүктү кыялданат. Менин жообум так жана жөнөкөй. Жок жана эч качан", - деген Саломе Зурабишвили.
Ошондой эле ал учурдагы президент түрмөдө мурдагы президенттин кармалышын көрүү жагымсыз, бирок бул мыйзамдын талабы жана анын алдында баары бирдей экендигин кошумчалайт.
Адам укуктары боюнча акыйкатчы Нино Ломжария билдиргендей, абакта жаткан мурдагы президент Саакашвилиге барганда ал ачкачылык жарыялаган. Мурдагы өлкө башчы коюлган айыптарга макул эмес жана өзүн саясий туткун деп эсептейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
voennyi88

02.10.2021. 21:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул менен Равшан Жээнбеков тынчыбады эч.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.