Сутка ичинде коронавируска каршы 9 миңден ашуун адам эмделди. Жалпы канча?
Өлкө боюнча акыркы бир сутка ичинде жалпы 9 миң 153 адам коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, өткөн сутка ичинде эмдөөдөн 9 миң 153 адам өтсө, анын ичинен 4 миң 586 адам биринчи дозаны, 4 миң 567 адам экинчи дозаны алган.
Өлкө боюнча биринчи доза менен эмделгендердин саны - 833 миң 472. Ал эми экинчи доза менен - 628 миң 413.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.