super.kg logo

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп соттон Твиттердеги баракчасын бөгөттөн чыгарууну талап кылды

 

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Флорида федералдык сотуна кайрылып, анын Твиттер аккаунтун калыбына келтирүүнү жана убактылуу бөгөттөн чыгарууну суранды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Трамптын Твиттер жана Фейсбук баракчалары жабылган. Ошондой эле Твиттер Трамптын жаңы аккаунт түзүүсүнө тыюу салган. Жабылуунун себеби зомбулукка үндөө коркунучу жогору болгондугуна байланыштуу деп билдирилген.

Мындан тышкары социалдык тармак Трамптын жактоочусу Сидней Пауэллдин жана анын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин дагы аккаунтун жаап салган.

Белгилей кетсек, Трамптын жактоочулары 6-январда АКШ Конгрессиндеги президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүүгө тоскоолдук кылууга аракет кылгандан кийин жабылган. Твиттердин өкүлү социалдык тармактын колдонуучуларына платформаны зомбулукка чакыруу катары колдонууга уруксат бербей турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: