super.kg logo
  Саясат  

Окумуштуулар быйыл Орусияга түшкөн метеориттин салмагын жана ылдамдыгын аныкташты

 

Орусиялык адистер жетектеген эл аралык окумуштуулар тобу февраль айында Орусиянын аймагына майда бөлүктөрү түшкөн метеориттин салмагын жана ылдамдыгын аныкташты. Бул тууралуу америкалык NASA уюму билдиргенин чет элдик ММКлар жарыялады. Жерге түшкөн метеорит калдыктарын жана окуянын көрүнүшү тартылган видеону изилдеп чыккан окумуштуулар төмөнкүдөй жыйынтыкка келишти: Атмосферага 11 тонналык асман телосу секундуна 19 чакырымдык ылдамдыкта келип кирген. Атмосфера менен кагылышканда ал талкаланып, майда бөлүктөрү жерге секундуна 30 чакырым ылдамдыкта келип түшкөн. Чачырандынын көбү абада күйүп кетип, жерге жеткен эмес. 

 

Челябинск облусунун аймагына түшкөн метеорит калдыктарынын жалпы салмагы 4-6 тонна. Эң чоңунун салмагы 650 килограмм. Окумуштуулар салмагы 10 тоннадан ашкан асман телолору атмосфера менен 150 жылда бир жолу эмес, 30-40 жылда бир кагылышып турарын айтышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: