"Осло-2021": "7:7". Улукбек Жолдошбеков акыркы секундда жеңишти алдырып ийди
Бүгүн, 2-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды.
Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмакта катышкан Улукбек Жолдошбеков алгачкы жүрүшүндө эле монголиялык балбан менен кез келип, 7:7 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Улукбек Жолдошбеков беттеш бүтөрүнө 15 секунд калганда 7:3 эсебинде жеңип жаткан. Бирок акыркы секунддарда атаандаш кыргыз балбанынын артына өтүп ыкма жасап, 4 упай алып кетти.
Монголиялык балбан финалга чыга турган болсо, Улукбек Жолдошбеков коло байгеге күрөшүү үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыга алат.
Улукбек Жолдошбеков былтыр, 2020-жылы 61 килограмм салмакта Азия чемпиону аталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
PFC-CSKA

02.10.2021. 17:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Монгол кийинки баскычта 100% ыргыйт гостиницага акча коротпой келе бер Кыргызстанга
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.