super.kg logo

Орусия: "Үйүнө кече уюштурушкан". Медициналык колледждин үч студентинин өлтүрүлүшү тынч шаарды дүрбөлөңгө салды

 

Оренбург облусунун бийлиги Гай шаарындагы медициналык колледждин үч студентине бычак сайган кылмышкер тууралуу маалымат үчүн бир миллион рубль сыйлык дайындады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, үч студент кыздын сөөгү Гай шаарынан 30-сентябрда эртең менен табылган. Кыздардын баары мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Алардын бири жашы жете элек болчу. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Молодежная көчөсүндөгү батирде чыккан өрттү өрт өчүрүүчүлөр өчүргөндөн кийин эки кыздын сөөгү табылган. Үчүнчү кыздын сөөгү үйдүн короосунда жаткан. Алар 19 жаштагы Зульфия С., 18 жаштагы Адили К. жана 17 жаштагы Айгиз У. аттуу кыздар экендиги белгилүү болгон. Кыздар Башкириядан Гайга келишкен. Алар медициналык колледжде окуп, үчөө бир батирде ижарада жашашчу.

Үч кыз тең көкүрөгүнө жана курсагына сайылган бычактан каза болгон. Окуя болгон жерден алыс эмес жерде ашкана бычагы табылган.

Кыздардын туугандары жана достору 29-сентябрда кыздар батирде чакан кече уюштургандыгын айтышкан. Батирде чоочун адамдар болгон эмес. 30-сентябрь күнү түнкү саат 01:00 чамасында кыздардын бири социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыккан. Ал эми саат 03.45те өрт өчүрүүчүлөр үчөөнүн тең жансыз денесин табышкан. Ошол эле учурда кошуналардын эч кимиси кыздардын кыйкырган үнүн уккан эмес.

Учурда бул кылмышка байланыштуу 100дөн ашык киши суракка алынды. Укук коргоо органдары кылмыш жасалган аймактагы видеокамералардагы жазууларды алышкан жана бул материалдардын 14 түрдүү экспертизасы дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
03.10.2021. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Орустун кыздары кечени да элге окшоп уйуштурбайтта, наркота, алкогольду дозадан ашырып ийишет.
03.10.2021. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KG-312, орустун кыздары эмес Башкиркалар.Мусулман болот башкирлар,бирок динден алыста,оздорунчо орус маданыятында!.Кичкине болсодо дин менен жашоо ынгайлуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: