super.kg logo
  Спорт  

УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: Испандык “Барселона” менен “Атлетико” 1/8 финалга жолдомо алды

 
Месут Ёзил "Реалдан" "Арсеналга" кошулгандан бери, лондондуктардын "ити чөп жей баштады"
Учурдагы "Миландын" алдыңкы оюнчулары Кака менен Робиньо
Мессинин 3-4 беттештен бери гол киргизе албай келген эле. "Милан" менен болгон беттеште 2 ирет өзгөчөлөндү

6-ноябрь күнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасында 4-турдук беттештер жыйынтыкталды. Анда “E”, “F”, “G” жана “H” тайпасындагы клубдардын оюндары орун алды. Күндүн борбордук беттеши деп саналган оюнда дортмунддук “Боруссия” лондондук “Арсеналды” кабыл алып, 1:0 эсебинде жеңилди. Мындан эки жума мурда Лондондо өткөн беттеште “Арсенал” өз үйүндө, башкы машыктыруучусу Арсен Венгердин туулган күнүндө “Боруссияга” 2:1 эсебинде жеңилген эле. Дагы бир алдынкы беттеште испандык “Барселона” италиялык “Милан” кез келип, 3:1 эсебинде “Барселона” жеңишке жетти. “Барселона” жеңиши үчүн 3 упай менен кошо өз куржунуна 1/8 финалга жолдомону салды. 6-ноябрь күнү болуп өткөн жалпы беттештердин жыйынтыгы төмөндө:

“E” тайпасы

“Челси” (Англия) 3:0 "Шальке" (Германия) 

Голдор: Это’О 31, (1:0). Это’О 54, (2:0). Ба 83, (3:0)

“Базель” (Швейцария) 1:1 "Стяуа" (Румыния) 

Голдор: Пьоваккари 17, (0:1). Сьо 90+1 (1:1)

“F” тайпасы

“Боруссия” (Германия) 0:1 “Арсенал” (Англия)

Гол: Рэмси 62, (0:1) 

“Наполи” (Италия) 3:2 “Марсель” (Франция)

Голдор: А. Айю 10, (0:1). Инлер 22, (1:1). Игуаин 24, (2:1). Товен 64, (2:2). Игуаин 75 (3:2).

“G” тайпасы

“Атлетико” (Испания) 4:0 “Аустрия” (Австрия)

Голдор: Миранда 11, (1:0). Рауль Гарсия 25, (2:0). Филипе 45, (3:0). Диего Коста 82, (4:0)

“Зенит” (Орусия) 1:1 “Порту” (Португалия)

Голдор: Лучо Гонсалес 23, (0:1). Халк 28, (1:1) 

“Н” тайпасы

“Барселона” (Испания) 3:1 “Милан” (Италия)

Голдор: Месси 30-мүнөт пенальтиден (1:0). Бускетс 40, (2:0). Пике 45-мүнөт өз дарбазасына (2:1). Месси 83, (3:1) 

“Аякс” (Голландия) 1:0 “Селтик” (Шотландия)

Гол: Шене 51, (1:0) 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.11.2013. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Messi krasav4ik.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: