Орусиядагы үч студент кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүүнүн сүрөтү жарыяланды
Оренбург облусунун Гай шаарындагы медициналык колледждин үч студентинин өлүмүнө шектүүнүн аты-жөнү жарыяланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, бул кылмышка Орск шаарынын 1991-жылы туулган Александр Лазарев аттуу тургунунун тиешеси болушу мүмкүн. Шектүү буга чейин соттолгон. Учурда ага издөө жарыяланды. Оренбург облусунун губернатору Денис Паслер студенттерди өлтүрүүгө тиешеси барлар тууралуу маалымат үчүн 1 миллион рубль сыйлык жарыялаган.
30-сентябрда Гай шаарындагы Молодежная көчөсүндөгү батирлердин биринен үч студент кыздын сөөгү табылган. Алгач полиция кызматы студенттерди өлтүрүүгө шектүү катары алардын биринин классташ баласын агасы менен кармады деген кабар тарап жаткан. Бирок кийинчерээк алар окуя болгон учурда Уфа шаарында экени белгилүү болуп, шектүүнү издөө улантылган.







1 |