super.kg logo
  Спорт  

Осло-2021: "Баракелде!". Алибек Осмонов алгачкы атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңди

 

Бүгүн, 3-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.

Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта катышкан Алибек Осмонов алгачкы беттешинде франциялык Марван Йезза аттуу балбан менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты жана анда бразилиялык балбан менен кез келет.

Алибек Осмонов Дүйнө чемпиондугуна мыкты даярдыкта барганы даана байкалды.

Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта быйыл, 2021-жылы өлкө чемпиону аталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: