super.kg logo
  Спорт  

Осло-2021: Алибек Осмонов акыркы үч секунд калганда жеңишти тарттырып жиберди (фото+видео)

 

Бүгүн, 3-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта жарым финалда жеңилүү ызасын тартып калды.

Жарым финалда Алибек Осмонов ирандык Амирмохаммад Язданичерати аттуу балбан менен кез келип, 5:4 эсебинде жеңилип калды.

Беттеш бүтөрүнө 5 секунд калганда кыргыз балбаны 4:4 эсебинде жеңип жаткан. Акыркы 3 секунд калганда каршылаш Алибек Осмоновду килемден түртүп чыгарып, 1 упай алып кетти.

Эми Алибек Осмонов коло байге үчүн күрөшөт.

Алибек Осмонов 1/16 финалда франциялык Марван Йезза аттуу балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип, 1/8 финалда бразилиялык балбанды 12:2 эсебинде жеңген. Ал эми 1/4 финалда украиналык күчтүү делген Василий Шуптар менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 6:3 эсебинде жеңишке жеткен.

Алибек Осмонов 65 килограмм салмакта быйыл, 2021-жылы өлкө чемпиону аталган.






Алибек Осмонов акыркы үч секунд калганда жеңишти тарттырып жиберди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
03.10.2021. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Финалга чыкты деп кайра жеңилип калды дейсиңерда.
03.10.2021. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат! Жакшы формада экен, эми кумуш байге учун жан тартабыз Алибеке!!!
03.10.2021. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AJow,Сен бир нерсени тушундунбу озу?Баары жазылып турса да мооройсун го!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: